Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги стационарда иштеген медик кыз каза болду (видео)

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 2804 | 0

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштеп жаткан 5-курстун студенти каза болду. Бул тууралуу аны менен чогуу иштеген кесиптештери социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Каза болгон кыз Медициналык академиянын 5-курсун аяктаган.

“Биз бардык санитардык эрежелерди сактап иштеп жатабыз. Бул жерде медициналык кызматкерлер эс алуусуз, болгон аракетин жумшап иштеп жатышат. Менин кесиптешимден коронавирус табылган эмес, ал дени сак болчу. 11 күн чогуу иштедик, өзүн жаман сезгенин көргөн эмесмин. “Жогору жактагылар” бул өлүмдүн себебин жашырууга аракет кылышат, вирус жуктуруп алган деп айтышы мүмкүн. Бирок ага ишенбөөгө чакырам. Дарыгерлер акыркы күчүнө чейин иштеп, жумуш учурунда өлүп калып жатышканын эл билиши керек”, -деп айтылат видео кайрылууда.

 

Учурда Бишкекте 12 күндүзгү стационар иштеп жатат. Анда 13-июлга карата 27 миң 169 жаран кабыл алынган. Мындан тышкары, түнкү стационарлар да ачылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM