Биз менен байланышыңыз

Екатеринбургдан 186 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 14 Июл 2020 | 335 | 0

Бүгүн, 14-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бишкекке Кыргызстандын 186 жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чартердик каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам мекенине келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM