Биз менен байланышыңыз

Коронавирус боюнча дүйнөдө жаңы рекорд

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июл 2020 | 481 | 0

Акыркы суткада дүйнө жүзүндө 230 миң 370 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында айтылат.

Акыркы жолу рекорд 10-июлда жаңыланган, тактап айтканда бир суткада 228 миң адам коронавирус менен катталган.

Жаңы учурлардын көбү Түндүк жана Түштүк Америкада (6 540 222 адам), Европада (2 907 654 адам) катталды. Ошондой эле бир суткада 5285 бейтап көз жумду. Бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12 552 765 адамга жетип, алардын ичинен 561 617 бейтап каза тапты.

Copyright © 2017 Maral FM