Биз менен байланышыңыз

12-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 500 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-июлда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +14… +19 °C, күндүз +28 … +33 °C;

Таласта түнкүсүн +11 … +16 °C, күндүз +25  … +30°C;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15 … +20 °C, күндүз +29 … +34 °C;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9… +14 °C, күндүз +19 … +24 °C

Нарында түнкүсүн +8 … +13 °C , күндүз 20 … 25 °C

Бишкек шаарында 11-июлда түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн  17 … 19 °C градус, күндүз 31 … 33 °C градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM