Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Сутка ичинде 102 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды

Кыска кабар | 11 Июл 2020 | 604 | 0

11-июлга карата бир сутка ичинде 102 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу брифинг учурунда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымдады.

Айыккандардын аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек ш. – 40
Чүй облусу – 12
Ош ш. – 11
Ош облусу – 11
Баткен облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 9
Нарын облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 1
Талас облусу – 2

Республика боюнча жалпы 3236 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирустук инфекцияны жуктургандардын жалпы саны 9910го жетти. Анын ичинен 125и каза болду.


Антирекорд: 11-июлга карата коронавирусту жуктурган 552 учур катталды

Copyright © 2017 Maral FM