Биз менен байланышыңыз

Исмаилова: Өкмөт ыктыярчылардын ишин координациялоодо

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 366 | 0

Өкмөт коронавирус пандемиясы учурунда өлкө аймагындагы ыктыярчылардын ишин координациялоодо. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул максатта “Бирге” штабы жана birge.pro платформасы иштелип чыккан.

— “Пандемиядан улам ыктыярчылар биригип, ар кайсы топто иштеп жаткан. Ыктыярчылардын ишин координациялоо үчүн birge.pro платформасы иштелип чыккан”, — дейт ал.

Исмаилова кошумчалагандай, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде дагы коронавирус боюнча атайын ресурс иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM