Биз менен байланышыңыз

Бириккен Араб Эмиратынан 122 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 378 | 0

“Манас” эл аралык аэропорту «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек чартердик каттамы менен 122 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууруу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле Кыргызстанга Улуу Британия жана Бахрейнден мекендештер кайтып келишти, алар Дубайдын аэропортунан Emirates airlines авиакомпаниясы аркылуу Кыргызстанга транзиттик каттамга отурушкан.

Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттамдар 17, 24 жана 31-июлга пландалган, бул каттамдар менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган Кыргыз Республикасынын жарандары келе алышат.

Авиабилеттерди сатып алуунун алдында жарандар түздөн-түз авиакомпаниядан Дубайдагы ишке ашырылган транзиттик каттамдар жана чыгуучу каттамдарга уруксатты тактоо керектигин эске алуу керек. Дубай аэропортунда транзиттик жүрүү Бишкек шаарындагы ташып кетүү каттамы учканга чейин 24 сааттан ашпашы керек.

Дубай шаарынын аэропортунда каттамга каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тесттер алынып, жыйынтыктары терс чыккан.

Чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандарынын Кыргызстанга кайтып келүүсү боюнча иштер улантылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM