Биз менен байланышыңыз

Трамп беткап кийүүгө убада берди 

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 426 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп медициналык беткап кийүүгө каршы эмес. Ал Вашингтондун жанындагы Уолтер Рид аскердик медициналык борборуна барганда коргоочу медициналык беткап тагууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

«Менин оюмча, беткапты белгилүү бир шарттарда кийүү керек. Уолтер Рид деген ооруканага барам, ал жерде жарадар болгон жана маанилүү жумуштарды аткарып жаткан жоокерлерибиз дарыланып жатат. Бул ооруканага барганда беткап кийишим керек, туура деп ойлойм», — деди Трамп.

Трамп беткап тагуу көйгөй болбой тургандыгын, бирок аны зарыл шарттарда кийүү керектигин кошумчалады.

«Адатта, мен башкалардан алыс болом жана мени курчап турган адамдар дайыма көзөмөлдө турушат», — деди ал.

Белгилей кетсек, Трамп саясий каршылаштары тарабынан беткап кийбегендиги үчүн бир нече жолу сынга алынган. Алардын айтымында, Трамп жарандарга жаман үлгү көрсөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM