Өзбекстан 10-июлдан тарта республика боюнча «кызыл зонага» өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы маалымдады.
«Буга чейин атайын комиссия Ташкент облусунун аймактарында жашаган тургундарга шаарга келип иштеп кетүүсүнө уруксат берилчү. Мындан ары ага да тыюу салынат»,- деди ал.
Анын айтымында, Өзбекстандын бардык аймагы «кызыл» зонага өткөрүлөт.
Ошондой эле, катаал карантин режими 10-июлдан 1-августка чейин созулат. Бул аралыкта жалаң азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканаларга гана иштөөгө уруксат берилет.
Маалыматка ылайык, буга чейинки жеңилдетилген шарттар жокко чыгарылат.