Connect with us

Өзбекстандын жалпы аймагы «кызыл зонага» өтүп, карантин 1-августка чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 520 | 0

Өзбекстан 10-июлдан тарта республика боюнча «кызыл зонага» өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы маалымдады.

«Буга чейин атайын комиссия Ташкент облусунун аймактарында жашаган тургундарга шаарга келип иштеп кетүүсүнө уруксат берилчү. Мындан ары ага да тыюу салынат»,- деди ал.

Анын айтымында, Өзбекстандын бардык аймагы «кызыл» зонага өткөрүлөт.

Ошондой эле, катаал карантин режими 10-июлдан 1-августка чейин созулат. Бул аралыкта жалаң азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканаларга гана иштөөгө уруксат берилет.

Маалыматка ылайык, буга чейинки жеңилдетилген шарттар жокко чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM