Биз менен байланышыңыз

Бир суткада пневмониядан 44, коронавирустан 13 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 932 | 0

Өткөн сутка ичинде 13 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан 67 жаштагы бир эркек жаран,
№ 6 Шаардык клиникалык ооруканасынан 52 жаштагы эркек киши,
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан 69-55-70 жаштагы 3 жаран;
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 52 жаштагы бир жаран,
Жалал-Абад облустук ооруканасынан 53 жаштагы бир бейтап,
Ат-Башы аймактык ооруканасынан 64 жаштагы эркек жаран жана ,  55 жаштагы аял,
Жайыл аймактык ооруканасынан 63 жашта бир эркек бейтап жана 59-70 жаштагы 2 аял,
Москва аймактык ооруканасынан 49 жаштагы бир аял каза болгон.

Өлкө боюнча жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 112 кишини түздү.

Ошондой эле бир сутка ичинде пневмониядан 44 бейтап каза болду. Алардын ичинен  Бишкекте 30 адам жана 14 адам республиканын башка аймактарында каза болгон. Март айынан бери пневмониядан жалпы 268 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM