Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы кыргызстандыктардан 15 даана кычкылтек концентратору келди

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 898 | 0

Түркиядагы кыргызстандыктар жөнөткөн 15 даана кычкылтек концентратору Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, 3 күндүн ичинде бул жабдыктар Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы медицина мекемелерине таратылып берилет.

Аманатты «Кыргызстан достук жана маданият» коомдук бирикмесинин өкүлү Туйгун Эргешов тапшырды.

Түркиядагы кыргызстандыктардын айтымында, бул 10 миң долларлык гуманитардык жардам акыркысы эмес. Алар учурда өлкөгө муктаж болгон дары-дармектерди алып келүү жаатында иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM