Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы беш күндүзгү стационар ачылат

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 584 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан дагы беш күндүзгү стационардык борбор ачылат. Бул тууралуу премьер-миниср Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруну күчөтүп жибербей, стационарлардан дарыланып, алдын алууга болот.

Ошондой эле ал зарыл болбосо региондогу жарандар Бишкек шаарына келбей турууларын, оорунун жугушуна этият болууларына чакырды.

7-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 8 141 учурга жетти.  Алардын ичинен 2 916 бейтап айыгып, 99 адам каза болду.

Учурда стационарда 602 бейтап дарыланууда, алардын ичинен  21 адам реанимацияда. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандар 4 524 адамды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM