Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги күндүзгү стационарлардын байланыш номерлери (тизме)

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 725 | 0

Бишкек шаарында 4 күндүзгү стационар борбору ачылып, оорунун жеңил жана орточо оор абалы менен ооругандарга керектүү медициналык жардам берип жатышат. Борборлор саат 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштешет.

Кайрылуулар боюнча:

Биринчи май району (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу)
Байланыш номери: 0 550 03-73-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 587 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 570, кеңеш алгандар – 14, стационарга жаткырылгандар – 3 адам.

Ленин району («Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси)
Байланыш номери: 0 550 04-43-12
90 койка-орун даярдалып, жалпы 362 адам кайрылган, бардыгына тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Свердлов району (Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси)
Байланыш номери: 0 550 04-23-12
150 койка-орун даярдалып, жалпы 265 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 122, кеңеш алгандар – 140, стационарга жаткырылгандар – 1 адам. Тилекке каршы, 2 адам каза болду.

Октябрь району (12-кичи районундагы чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты)
Байланыш номери: 0 550 03-93-12
140 койка-орун даярдалып, жалпы 520 адам кайрылган, алардын ичинен: капельница жана тийиштүү медициналык жардамды алгандар – 503, кеңеш алгандар – 14, стационарга жаткырылгандар – 2 адам. Тилекке каршы, 1 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM