Биз менен байланышыңыз

Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча Орусиядан озду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 887 | 0

Дүйнөдө SARS-CoV-2 коронавирусуна каршы күрөш уланууда. Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 11,4 миллиондон ашык адам бул илдетке чалдыкты. Инфекциянын кесепетинен 536 миңден ашуун адам көз жумуп, 6,5 миллиондон ашык бейтап айыкты. Мындай маалыматты Worldometer эл аралык ыктыярчылар тобу жарыялады.

Акыркы сутка ичинде Кытайда коронавирустук инфекциянын жаңы 15  учуру аныкталды. Алардын ичинен 11инде эч кандай оорунун белгилери аныкталган эмес. Жаңы учурлардын ичинен бирөө Пекин шаарында катталган.

Дүйшөмбүдөн баштап Санкт-Петербургда бир катар чектөөлөр алынып салынды. Атап айтканда музейлер, көргөзмө залдары жана фитнес-борборлор иштет баштайт.

Индияда 6-июлга карата коронавирустук инфекциялардын саны 697 836 кишиге жетти. Worldometer сайты билдиргендей, өлкө вирус жуктургандардын саны боюнча Орусияны ашып, үчүнчү орунга чыкты. Бүгүнкү күндө Индия инфекциянын саны боюнча АКШдан жана Бразилиядан кийин турат. Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө дагы 23 миң 932 адам коронавирусту жуктурган. Индияда пандемия башталгандан бери жалпысынан 19 миң 700 бейтап көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM