Биз менен байланышыңыз

Кытайдын түндүгүндө кара тумоо оорусу катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 496 | 0

Алгач кара тумоо оорусу (бубонная чума) Монголияда пайда болсо, эми Кытайдын түндүгүндө пайда болду. Жергиликтүү бийликтегилер бул дарттын адамдан адамга жуга турганын эскертишүүдө.

Кытайдын түндүгүндөгү ички Монголия автономиялык районунун Баян Нур округунун бийлиги 5-июлда кара тумоонун белгилери бар бейтаптын жергиликтүү ооруканадан жардам сурагандан кийин эпидемиологиялык коркунучтун күчөгөндүгүн жарыялады.

Жергиликтүү бийлик бул оорунун адамдан адамга жугуштуу экенин эскертүү менен аңчылык кылбоого жана жугушу мүмкүн болгон жаныбарларды жебөөгө чакырат.

Баян-Нур районунда жарандардын эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо маселелери жергиликтүү бийлик органдарынын деңгээлинде чечилип, коркунуч режими киргизилген.

Буга чейин Монголиянын батышында кара тумоо катталгандыгы жөнүндө кабарланган. Оорунун эки учуру катталган аймакта карантин киргизилип, унаалардын регионго киришине жана чыгышына убактылуу чектөө киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM