Биз менен байланышыңыз

Депутат Жылдыз Мусабекова реанимацияга түштү

Кыска кабар | 6 Июл 2020 | 708 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова реанимацияга түшкөндүгүн уулу Кубаныч Аманбеков өзүнүн «Фейсбук» баракчасына кечээ, 5-июлда жазды.

Буга чейин Мусабекова 2-июлда видео кайрылуу жарыялап, анда ооруп калганын, бейтапканаларда орун жок болуп жатканын жана медициналык жардамга муктаж болуп жатканын өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялаган болчу.

5-июлда илдет менен күрөшүп жатканын жазып:

Жооп бере албасам таарынбагыла. Күрөшүп атам. Балдарыма керекмин, — деп билдирүү калтырган.

Республика боюнча 5-июлга карата  жалпы 7377 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Анын ичинен 2802 бейтап сакайып, 88 адам көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM