Биз менен байланышыңыз

Жаан жайт: 6-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 699 | 0

Кыргызгидромети билдиргендей, 6-июлда түнкүсүн Чүй  облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда  жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ал эми күндүз  кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12 … +14 , күндүз +24…+29

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26

Борбор калаа Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +27…+29 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM