Connect with us

Дагы 32 медкызматкер COVID-19ду жуктуруп алды. Жалпы 1097

Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 496 | 0

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 32 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча алсак:
• Бишкек шаарында – 11;
• Чүй облусунда – 9;
• Ош шаарында – 2;
• Ош облусунда – 2;
• Нарын облусунда – 2;
• Баткен облусунда – 1;
• Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 1097 учур катталды, алардын ичинен 500 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Республика боюнча жалпы 7377 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 2802 бейтап сакайган.

Copyright © 2017 Maral FM