Биз менен байланышыңыз

Казакстанда бүгүнтөн тарта кайрадан карантин башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2020 | 2151 | 0

Бүгүн, 5-июлдан тарта, Казакстанда, коронавирустук инфекциянын жайылуусуна байланыштуу сулуулук салондору, спорт залдар, фитнес-борборлор, ички базарлар, көңүл ачуу жайлары, диний мекемелер, бала бакчалар жана жайкы лагерлер жабылат.

Казакстандын бийлиги 5-июлдан тартып 14 күндүк мөөнөткө карантин чараларын күчөтөт. Бул чечим эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жана SARS-CoV-2 коронавирусунун жугуштуу ооруларынын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

Чектөөчү чаралардын алкагында массалык, үй-бүлөлүк жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, сулуулук салондору, чач тарачтар, спортзалдар, фитнес борборлор, бассейндер, базарлар, пляждар, парктар, маданий жайлар, көңүл ачуучу борборлор, диний жайлар, кинотеатрлар, бала бакчалар, ден соолук лагерлери жана башка мекемелердин иши токтотулат.

Ошондой эле, жарандардын кыймылына да чектөө киргизилип, үч кишиден ашпаган топторго жөө жүрүүгө уруксат берилди. Мамлекеттик мекемелердин, кеңселердин, улуттук компаниялардын жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кеминде 80%ына аралыктан онлайн иштөө формасы күчүндө калтырылды.

Карантин учурунда медициналык пункттар, дарыканалар, азык-түлүк дүкөндөрү жана ачык базарлар иштейт. Санитардык жана дезинфекциялык режимге ылайык, ачык абадагы тамактануу жайлары, курулуш жана өнөр жай ишканалары үзгүлтүксүз өндүрүштүк цикл менен иштей берет, айыл чарба жана курулуш иштери улантылат.

Мындан тышкары, автоунааларды жана тиричилик техникаларын оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр улантылат.

Ошол эле учурда ички каттамдар менен поезддердин кыймылы чектелет. Шаарлар аралык автобус кызматы токтотулуп, шаарларда коомдук транспорттор чектелет.

Copyright © 2017 Maral FM