Биз менен байланышыңыз

Сулайманов Орусиядан келүүчү дарыгердин чыгымын каржылайт

Кыска кабар | 4 Июл 2020 | 1302 | 1

Орусияда иштеген кыргыз дарыгерлери чогулуп, Кыргызстанга бекер жардам берүү үчүн үй-бүлөсүн, жумушун таштап, өз ыктыяры менен келе жатышат. Бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, алардын учак билетинин жана бир ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын баардык чыгымдарын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов каржылайт. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, бул иш-чараны Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Эльвира Өмүралиева, Нургуль Камбаралиева, Нурлис Токебаев Индира Ганди Безелова, Айжан Чыныбаева, Мирбек Асангариев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдор уюштурган.

Депутат Алтынбек Сулайманов Өкмөт башчысы Кубатбек Бороновго, уюштуруу иштерин тездетүүгө салым кошкон Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле диаспора өкүлдөрүнө, мигранттарга ыраазычылыгын билдирген.

— «Азыркы кырдаалда ар бирибиз элибиз үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябоо — эң маанилүү. Жалпыңыздарга ден-соолук, аманчылык каалайм!» ,- деп жазганм билдирүүсүндө.

1 пикир

1 пикир

  1. ВЕГЕРА

    05.07.2020 13:58

    АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ ушундай оор кырдалда кыргыз элин сактап калыш керек сизге рахмаат башкаларга улгу болдунуз карапайым элди ойлогонунузга алла ыраазы болсун

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM