Биз менен байланышыңыз

Профессор Дүйшөн Шаматов Назарбаев университетинин «Устат Окутуучусу» деп табылды

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 1863 | 2

Казакстандын Назарбаев Университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору кыргызстандык Дүйшөн Шаматов НУнун «Мыкты Окутуучу» сыйлыгынын «Устат Окутуучу» номинациясына татыктуу деп табылды. Буга чейин профессор Шаматов 2018-жылы НУда «Новатор Окутуучусу» жана 2019-жылы «Лидер Окутуучусу» деген сыйлыктарды жеңип алган. Сыйлык тапшыруу аземи сентябрга белгиленген.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык профессорлордун арасынан бул сыйлыкты алуу бир аз оор болду. Бирок бул жалгыз менин жетишкендигим эмес, менин мектептеги, ОшМУдагы, Пакистан жана Канадада окуткан агай-эжейлеримдин да жеңиши деп эсептейм, — деди Шаматов.

Маалыматка ылайык, сыйлык тапшыруу аземи ушул жылдын сентябрь айында виртуалдык негизде өткөрүлөт.

Назарбаев Университетинин окуу иштери боюнча проректору, доктор Лоретта О-Доннелл:

— Комитет сиздин Назарбаев Университетинде билим берүүдө башкаларга үлгү болгонуңузду өзгөчө белгилейт. Сиздин инновациялык окутуу менен бирге, изилдөөгө негизделген окутуу усулдарын түптөгөнүңүздү жана өз билиминизди НУда, Казакстан жана жалпы эле региондогу кесиптештер менен дайыма бөлүшүүгө даяр экениӊизди жогору баалайт.  Сиздин ишиңиз биздин окуу жайдын кадыр-баркын көтөрүүгө түздөн-түз таасир этүүгө салымын кошот. Сизге жана кесиптештериңизге рахмат, биз Казакстан үчүн эл аралык университет түзүп жатабыз, — деп билдирүү жазган.

 

 

2 пикир

2 пикир

  1. Эльмира Чомошева

    03.07.2020 20:59

    Молодец уважаемый Шаматов Дуйшен Шаматович!Поздравляю с вашими огромным успехом желаю наилучшего всего ваших делах!

  2. Айнура

    04.07.2020 16:15

    Азаматсыз агай, татыктуулардын татыктуусуз. Ийгиликтериниз Арта берсин! Сиз менен сыймыктанабыз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM