Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жеке тараптарга насыя берүү үчүн карыз алат

Кыска кабар | 3 Июл 2020 | 295 | 0

Кыргызстан жеке секторго насыя берүү үчүн эл аралык донорлордон 183,6 миллион доллар акча алат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каражат пандемиядан улам кыйын абалга дуушар болгон жеке жактарга берилет.

122,5 млн доллар Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы тарабынан берилет.

Дүйнөлүк банк бере турган 72,5 миллион доллардын жарымы — гранттык акча. Калганы 0,75 үстөк пайыз менен 38 жылга алты жылдык жеңилдик менен насыя катары берүүлүүдө.

Ал эми Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын 50 миллион долларды бир пайыздык үстөгү менен 32 жылга берет.

Европа инвестициялык банкы 25 миллион долларды бир пайыздык үстөгү менен 12 жылга берет.

Аталган каражат июль айынан келе баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM