Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамы бюджетти колдоого берилген. 10-июнда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсептерине түшүп, 3 743,8 млн сом суммасында бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 3 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланган, анын ичинде:
- эмгек акы төлөөгө багытталган сумма — 2 859 млн сом;
- социалдык муктаждыктарга төгүмдөр үчүн – 362,2 млн сом;
- социалдык жактан камсыз кылуу жана калкка социалдык жардам көрсөтүүгө – 67,6 млн сом;
- ММКФга которууга – 455 млн сом.