Биз менен байланышыңыз

Жеке ишкер мейманканасын госпиталь катары колдонууну сунуштады

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 497 | 0

Ишкер айым Бурул Кушбек орун жок болуп, муктаждык жаралса, конок үйүн госпиталь сыяктуу кылып пайдаланып турууну сунуштады.

Өлкөдөгү абалды карап туруп, кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров, уулубуз Руслан Айдаров болуп кенешип, ушул чечимге келдик. Орун жок деп больницалар албай жатат деген маалыматтар байма-бай чыгып жатат, эгерде муктаждык болсо, биздин отелди да госпиталь сыяктуу пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да женилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек жеңебиз!- деп жазды ишкер айым фейсбуктагы баракчасында.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы, жеке ишкер Базарбай Мусабеков да өзүнүн 300 орундуу тойканасын COVID — 19 пандемиясынан кутулуу максатында госпиталь катары колдонууга берүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, акыркы 10 күн аралыгында Кыргызстанда анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, ооруканаларда орун калбагандыгы айтылууда.

Бирок, ошол эле учурда Өкмөт обсервация жайлары жетиштүү экендигин айтып келет.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ишкер айым Бурул Кушбек Кадамжай райондук аймактык ооруканасына жеке каражатынан заманбап үлгүдөгү реанимобиль унаасын белек кылган.

Ишкер айым Кадамжай райондук ооруканасына тез жардам унаасын белек кылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM