Биз менен байланышыңыз

Жеке ишкер 300 орундуу тойканасын госпиталь катары берүүгө даяр

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 1693 | 0

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы, жеке ишкер Базарбай Мусабеков өзүнүн 300 орундуу тойканасын COVID — 19 пандемиясынан кутулуу максатында госпиталь катары колдонууга берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Урматтуу туугандар өлкөнү каптаган пандемияга каршы туруу максатында, мамлекетибизде имарат жетишпей жаткан болсо, 300 оорундуу «Карагат» тойканасын берүүгө даярмын», — деп жазган өз билдирүүсүндө.

Эске салсак, акыркы 10 күн аралыгында Кыргызстанда анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүп, ооруканаларда орун калбагандыгы айтылууда.

Бирок, ошол эле учурда Өкмөт обсервация жайлары жетиштүү экендигин айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM