Ишкер айым Бурул Кушбек Кадамжай райондук аймактык ооруканасына жеке каражатынан заманбап үлгүдөгү реанимобиль унаасын белек кылды. Бул тууралуу ишкер айымдын жакын достору жарыялашты.
Ушундай эле кайрымдуулук иш-чарасын өткөн жылы жолдошу Расул Айдаров Ноокат районундук аймактык ооруканасында өткөргөн болчу.