Адыл Лолобаев Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.
БШКдан кабарлашкандай, Лолобаев бул кызматка жалгыз талапкер болгон. Ал Кара-Суу шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан чыккан.
Белгиленгендей, Кара-Суу шаардык кеңешинин 31 депутаты добуш беришти.
Адыл Лолобаев 2007-жылы Ош бажысынын башчысынын орун басары, кийин Жалал-Абад жана Баткен бажысынын башчысы болгон. Ал 58 жашта.
Эске салсак, Кара-Суу шаарынын мурунку мэри Кутугали Козубаев өзүнүн арызына ылайык, 2020-жылдын 4-мартында кызматынан бошотулган.