Биз менен байланышыңыз

Ошто ПЦРге керектелүүчү каражат калган жок. Анализдер тоңдурулуп турат

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 933 | 0

Ош шаардык санэпидемстанциянын вирусология лабораториясында ПЦР-анализге керектелүүчү реактивдер (микропробирка) калбай калды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Өмүрзак Мырзалиев айтты.

Анын айтымында, коронавируска тапшырылган анализдердин жыйынтыктары экспресс-тест менен аныкталууда.

Бүгүнкү күндө экспресс-тест менен иштеп жатабыз. ПЧР-анализге керектелүүчү реактивдер качан келери белгисиз. Вирус жукчу адамдарга жугуп, канына сиңип бүттү. Ошондуктан экспресс-тест менен да ооруну аныктоого болот. Кытайлар деле вирус тарагандан үч ай өткөндөн кийин экспресс-тест колдонуп башташкан, — деди дарыгер.

Мырзаев белгилегендей, 1753 кишинин анализи тоңдурулуп турат.

— Азыр ПЦР-анализ алынган жок. Аны алып, кайра тоңдуруп койгондун кажети жок. Эгерде бизге микропробирка келсе, анализдерди алып, жыйынтыгын дароо чыгарганыбыз оң болот. Тоңдурулуп турган 1753 адамдын анализинин жыйынтыгы микропробирка келсе чыгат, — деди Өмүрзак Мырзалиев.

2020-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды.

Copyright © 2017 Maral FM