Биз менен байланышыңыз

Дагы 2 лабораторияга коронавируска карата тест алууга уруксат берилди. Баасы — 1600 сом

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 655 | 0

Коронавирус инфекциясын аныктоочу анализди тапшыруу үчүн менчик мекемелерге уруксат берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо мининстринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Aqualab жана Экспресс жеке лабораторияларына ПЦР жана ИФА тест алууга уруксат берилди. Анын баасы – 1600 сомду түзөт, — деди Мадамин Каратаев.

Анын айтымында, бул эки мекемеге анализ тапшыруу Бонецкий ооруканасына салыштырмалуу баасы төмөнүрөөк.

2020-жылдын 1-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 195;
  • Чүй облусу — 175;
  • Ош шаары — 5;
  • Ош облусу — 5;
  • Нарын облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 24;
  • Талас облусу — 12;
  • Баткен облусу — 13.

Жаңы катталган 439 учурдун ичинен: сырттан келгендер – 4 (0,9 %), тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор – 435 адам (99,1 %).

COVID-19 инфекциясы жалпы республика боюнча 5735 адамдан аныкталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM