Өткөн сутка ичинде 5 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы эркек киши, 67 жаштагы эркек киши);
2. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши);
3. Москва аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
4. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши) көз жумду.
Жалпы каза болгондордун саны 62 кишини түздү. Республика боюнча жалпы 2443 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 1-июнга карата COVID-19 инфекциясы республика боюнча жалпы 5735 адамдан аныкталды.