Биз менен байланышыңыз

118 кызматынын колл-борбору көчүрүлдү

Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 416 | 0

Бишкекте коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кызматынын колл-борбору операторлордун саны көбөйгөнүнө байланыштуу №2 орто мектептин имаратына көчүрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда 40 клиникалык ординатор, ыктыярчы медик күнү-түнү телефон чалууларга жооп берип жатат. Алар Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча кеңеш беришет.

Саламаттык сактоо министрлигинин 28-июндагы буйругуна ылайык, мобилдик бригадалар чалуу түшкөн үйгө барып ПЦР-тест албайт. Алар бейтаптын абалын текшерип алгачкы диагнозун аныктайт.

Мындан сырткары, жарандар үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылып, кеңеш ала алышат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM