Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Тез жардам жетишпегендиктен Corona-такси кызматын ишке киргизүү пландалууда

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 648 | 0

Казакстанда 1-июлга карата бир сутка ичинде коронавирусту жуктурган 489 жаңы учур катталды. Ошондой эле, вирустун симптомсуз түрүн ташып жүргөн 1115 адам тастыкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда айтылды.

Казакстанда жалпы республика боюнча COVID-19 вирустук инфекциясы катталгандардын жалпы саны 22 308ди түздү. Ал эми вирустун сипмптомсуз түрүн ташыгандар — 18 757.

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги Corona-такси кызматын ишке киргизүүнү пландап жатат. Республика боюнча жетишпей жаткан тез жардам автоунааларынын жана атайын машиналардын ишин жеңилдетүү үчүн ушундай чечим кабыл алынмакчы. Учурда бул жобону атайын комиссия карап жатат.

Эгер колдоо тапса бул кызматка таксопарктар жана медициналык эмес уюмдардын автоунаалары тартылат. Алар бейтаптардан кабар алууга барган мобилдик бригаданы ташыйт.

 

Copyright © 2017 Maral FM