Биз менен байланышыңыз

Түркия: парламенттин үч депутаты коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2020 | 528 | 0

Түркия парламентинде Элдик демократиялык партиянын өкүлү болгон 3 депутаттын анализдеринен коронавирус инфекциясы табылганы белгилүү болду.

Turkish Minute маалымдагандай, өткөн жумада парламенттеги тазалоочу жайлардын биринде коронавирус табылгандан кийин эл өкүлдөрү тест тапшырышкан.

Вирус жуктурган депутаттардын ысымдары жарыяланган жок. Алардын бардыгы медициналык көзөмөлдө экендиги жана оор симптомдор жок экендиги айтылды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда коронавирусту жуктурган адамдардын саны 200 миңден ашуун, ал эми каза болгондордун саны 5 миңден ашат.

Copyright © 2017 Maral FM