Биз менен байланышыңыз

«ЖМК, кинолордо мугалимдик кесиптин жаман жактары көп көрсөтүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Июн 2020 | 778 | 0

Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанда ЖМК, кинолордо мугалимдик кесиптин терс жактары көп көрсөтүлөрүн билдирди.

-Мени ЖМК, кинолордо мугалимдик кесиптин жалгыз гана жаман, терс жактарынын көрсөтүлүшү өкүндүрөт. Тилекке каршы, ЖМКларда окутуучуларды мыскылдаган да маалыматтар кездешет. Мындай кабарды окуган бүтүрүүчү кантип мугалим болсун? Ошондуктан ар бир тармакта, кинолордо да мугалимдик кесиптин жакшы жактарын ачып берсек, — дейт Шаматов.

Анын айтымында, Кыргызстанда мыкты мугалимдер көп. Бирок алар жалгыз гана мугалимдердин майрамында же акыркы коңгуроодо эскерилет. Башка убакта алар мамлекеттин буйругун аткарган адам катары каралат.

Copyright © 2017 Maral FM