Биз менен байланышыңыз

Москвадан 393 кыргызстандык студент учуп келди

Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 461 | 0

Бүгүн, 28-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Москва – Бишкек багыты боюнча Орусиянын ЖОЖдорунда окуган 393 кыргызстандык студенттер кайтып келди.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында уюштурулду.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине комиссиялык тандоонун жыйынтыгы менен Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер кирди. Бул каттам менен ошондой эле алдыдагы Параолимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн Орусиянын аймагында окуу-машыгууларын өткөрүп жаткан Кыргызстандын пара пауэрлифтинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү, оор илдеттери бар жана Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтышы керек болгон жарандар, алардын катарында жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу келе турчу жарандар учуп келишти.

Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Студенттерди кайтаруу маселеси боюнча кайрылуулар көп болуп жаткандыктан, ТИМ атайын студенттерди алып чыгып кетүүгө багытталган мындай каттамдарды уюштуруу ыраттуу түрдө уланарын маалымдайт.

Copyright © 2017 Maral FM