Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 6 адам каза болду

Кыска кабар | 27 Июн 2020 | 1036 | 0

Бүгүн, 27-июнда таңкы саат 6да Бишкек-Ош унаа жолунда Сосновка айылына жетпей “Лексус” жана жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Агенттикке Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, “Лексус” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

ӨКМ билдиргендей, жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам каза болгон. Алардын баары жол тандабастын жүргүнчүлөрү.

Жерине келген куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөктөрүн унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM