Биз менен байланышыңыз

27-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 732 | 0

Кыргызгидромет маалымдагандай, 27-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Ал эми күндүз өлкөнүн көпчүлүк райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Айрым райондордо катуу жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27;

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17 градус, күндүз +23…+25 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM