Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүк адистердин Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр жеңилдетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 853 | 0

Орусия Өкмөтү чет өлкөлүк адистердин Орусияга кирүүсүнө коюлган чектөөлөрдү жеңилдетти. Алар үчүн бирдиктүү кирүүгө Федералдык коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги биргелешип түзүүчү атайын тизме боюнча уруксат берилет.

Орусияда коронавирустук инфекциянын тастыкталган учурларынын саны 613 миңден ашты (жаңы 7113).  Эпидемия башталгандан бери жалпысынан өлкөдө COVID-19дан 375 миңден ашык адам айыгып, 8605 адам көз жумган (өткөн суткада 92).

Москвадан кийин эле Санкт-Петербургда карантиндик чектөөлөр алынып салынган. Губернатор Александр Беглов 28-июнда парктарга жана бакчаларга барууга тыюу салууну алып салууну буйрук кылды. 29-июндан тартып жайкы кафелер ачыла баштайт, бала бакчалар жарым-жартылай ачылат. Ошондой эле никеге туруу салтанаты коноктордун катышуусунда катталат.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустук инфекцияны дарылоо үчүн  «Арепливир» соода маркасындагы дагы бир дарыны бекитти. Препараттын курамында мурда бекитилген «Авифавир» соода маркасындагы дарыдагыдай эле фавипиравир активдүү заттын камтыйт.

Copyright © 2017 Maral FM