Биз менен байланышыңыз

Ташкент: Ар бейшемби сайын калкка бекер беткап таратылат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 647 | 0

25-июндан тарта Ташкентте полиция кызматкерлери ар бейшемби сайын элге бекер беткап тарата башташат. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө бейшемби «алдын алуу күнү» деп жарыяланган. Ошол күнү беткап кийбегендерге айып салынбайт. Анын ордуна, укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калкка беткап таратышат.

25-июнда калкка 30 миңден ашык медициналык беткаптар бекер таратылат.

-Биз калкты чогуу карантин эрежелерин сактоого үндөйбүз. Вирусту биз менен бирге жеңиңиз, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирустун 6901 учуру катталып, 20 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM