Биз менен байланышыңыз

Омошов: чакан бизнестердин 40% банкрот болсо, 60% жумушчулардын санын кыскартты

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2020 | 561 | 0

ЖИА Бизнес ассоциациясы 1000ге жакын орто жана чакан бизнес менен алектенген ишкерлерден коронавирустун кесепеттери тууралуу сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында, ишкерлердин 40 пайызы банкрот болгондугун билдирсе, 60%ы жумуштарын убактылуу токтотуп, айрымдары жумушчулардын санын кыскартууга туура келген. Ошондой эле, бир канча ишкерлер бизнесин жаап, башка бизнес ачууну пландап жатканын айткан. Бул тууралуу ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов «Маралга» берген маегинде билдирди

Омошовдун айтымында, коронавируска байланыштуу Кыргызстанга киргизилген эки айлык Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал учурунда ишкерлердин жоготууларынын ордун толтуруу бир жылга чейинки убакытты алышы мүмкүн.

— Өзгөчө кырдаал бүткөндөн кийин бардык ишкерлер көчөгө чыга калып, ишин жүргүзө койгон жок. Сурамжылоонун жыйынтыгында 30-40%га чейин жумушчулар убактылуу жумушу жок калды. Бул жагынан алып караганда, Өкмөттүн бюджетине бир топ акча түшпөй калды. Жумуштан чыгарылган жумушчулар да эмне кыларын билбей жүргөн кези. Мындан улам, азыр жеке ишкерлерди колдоо убактысы келип жетти деп ойлойм , — деди Омошов.

Ал эми чоң бизнестегилер бир баштаган ишмердүүлгүн жыйыштырып башка бизнес жүргүзуп кете албайт. Алар бир баштаган бизнесин улантып кетиши керек. Жумушчу орундарды сактап калуу, ишмердүүлүгүн жүгүртүү жана салыктарды төлөө үчүн аларга сөзсүз түрдө акча керек.

Copyright © 2017 Maral FM