Биз менен байланышыңыз

Омошов: Кыргыз экономикасы акыркы 3 айда эки чоң сокку жеди

Кыска кабар , Пикирлер | 22 мая 2020 | 854 | 0

Кыргыз экономикасы акыркы 3 айда эки чоң сокку жеди. Бири — доллардын өсүшү, экинчиси — коронавируска тиешелүү маселелер. Мындай пикирин JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, карантинде эң көп тейлөө жана туризм тармагы жабыркады. Ал эми өлкө экономикасынын 80 пайызын тейлөө жана соода сектору түзөт. Ал эми жеңилдетилген шартта бериле турган 14 млрд сом насыя жалпы ишкерлердин 15 пайызына гана жеткиликтүү болот.

«Биздин бирикме 1100гө жакын фирмага сурамжылоо жүргүздүк.  Анда ишканалар апрель айына карата жумушчуларынын санын 10 пайызга кыскартканы белгилүү болду. Мындан сырткары, жумушчулардын 46 пайызга жакыны —  акы төлөнбөгөн негизде эмгек өргүүсүндө. Алар качан ишке чыгары билгесиз. Пандемиядан кийин көпчүлүк эл көчөгө чыгуудан тартынат, дароо соода кылуудан алыс болушат», — дейт Омошов.

Ал JIA Бизнес-ассоциациясы өкмөт, президенттин аппаратына кризистен чыгууда айрым сунуштарды бергенин маалымдады. Мамлекет ишкерлерге тийиштүү шарт түзбөсө, алар көмүскөгө кирип кетерин эскертти.

«Салыктарга каникул жарыялоо сунушун бердик. Бирок тийиштүү документте пандемия убагында төлөнбөй калган салыктарды октябрда төлөөгө милдеттендирди. Жумуш болбогон соң кайсы салыктан кеп кылабыз? Мамлекет сырттан келген каражаттар менен социалдык төлөмдөрдү жапса, бул ишкерлерге чоң жардам болмок. Мындайда ишкерлер иштебеген учур үчүн Социалдык фондго салык төлөгөндүн ордуна кызматкерлерин жумуштан чыгарып салат. Жумуш берүүчүлөр да келесоо эмес. Мамлекет колдоо көрсөтпөсө, ишкерлер ушудай кадамдарга барат», — дейт Омошов.

Copyright © 2017 Maral FM