Биз менен байланышыңыз

JIA Бизнес ассоциациясына жаңы төрага шайланды

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 473 | 0

«Маркаш» ЖЧКсынын башкы директору Жоодар Омошов JIA Бизнес ассоциациясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу ассоциациянын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Омошов JIA`нын Кыргызстан боюнча түзүлгөн жаңы Башкаруу Кеңешинин курамынын чечими менен шайланган.

Омошов жогорку билимди чет өлкөдө алган, кесиби боюнча юрист. Кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Кыргызстандан сырткары, Түркия, Казакстан өлкөлөрүндө тажрыйба топтогон.

«1001 KILEM», «KOVROLIUM» соода маркасы менен белгилүү болгон дүкөндөр тармагын негиздеп, Бельгия, Иран, Түркия жана Индия өлкөлөрүнөн килем жана килем жабдууларын алып келүү боюнча иш алып барат.

Ошондой эле «Pierre Coffee» кофеканасын Бишкек шаарында ачып, тейлөө багытында кызмат көрсөтүп келет.

«Омошов JIA`нын активдүү мүчөсү, демилгелүү жана тажрыйбалуу ишкер. Анын демилгеси менен JIA Бизнес ассоциациясы Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмуна мүчө болду. Жоодар мырзанын буга чейинки демилгелерин, активдүүлүгүн жана тажрыйбасын эске алып, ассоциациябыздын жана өлкөбүздөгү ишкердиктин өнүгүүсүнө зор салымын кошот деген ишенимдебиз», — деп жазылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM