Connect with us

Дүйнөнү пандемиянын жаңы толкуну каптаганы маалымдалды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 5634 | 0

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясынын экинчи толкуну жайылып жатат.

Euronews билдиргендей, Австралияда, Түштүк жарым шарда, өткөн жумада коронавирус жуктурган 150гө жакын учур катталды. Виктория штатынын премьер-министри Дэниэл Эндрюс:

-Учурдагы окуялар өзгөчө жана эпидемия жоюлган сыяктуу иш-аракет кылуунун эч кандай мааниси жок, — деди.

Ошондой эле, Бразилияда вирусту жуктургандардын саны тездик менен көбөйүүдө. Бул жерде коронавирусту жуктурган адамдардын саны 1 млн 192 миңден ашты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга дүйнөдөгү эң начар абал деген баасын берди.

АКШдагы инфекционисттер өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп жаткандыгын айтышууда.

Акыркы 24 саатта Чилиде 3,649 жаңы учур жана 226 өлүм катталып, Мексикада 6288 жаңы учур жана 793 өлүм, Боливияда 896 жаңы учур жана 26 өлүм, Гватемалада 771 жаңы учур жана 35 өлүм катталды.

Ошондой эле, эксперттер Европада коронавирус эпидемиясынын экинчи толкун коркунучу жогору экендигин эскертет. Германияда жаңы учурлардын саны күндөн-күнгө өсүүдө: акыркы күнү бул жердеги бейтаптардын саны 587 адамга көбөйдү. Жергиликтүү эт фабрикасы коронавирустун очогуна айлангандыгы тууралуу кабарлангандан кийин, өлкөнүн батышындагы эки аймакта карантин кайрадан киргизилген.

Европада коронавирустан эң көп жабыркаган Италияда күн сайын көбөйүү 122 учурду түзгөн.

-Эпидемиянын келип чыгышы бизди таң калтырды, ошондуктан биз азыр эки негизги принципке даярданып жатабыз: калктын жана ооруканалардын ичинде вирустун жайылышын ооздуктоо жана реанимация бөлүмдөрүнүн экинчи толкунундагы бейтаптардын кескин көбөйүшүнө даярдануу учурдагы негизги маселе, — деди Милан медициналык университетинин профессору Маурисио Чеккони.

Вирустун жаңы учурлары Португалияда да аныкталды. Акыркы бир айда өлкөдө 9,200дөн ашуун жаңы учур катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 9,5 миллиондон ашты, андан каза болгондордун саны 484 миңден жогору. Ошол эле учурда 5.175 миллион адам коронавирустан айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM