Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 6755 адам коронавирус жуктурду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2020 | 497 | 0

Бүгүн, 24-июнга карата Өзбекстанда дагы 93 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы катталгандардын 168и карантин борборлорунда, 30 адам элдин арасында болсо, үчөө эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары болгон.

Учурда Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 6755 адамды түздү. Алардын ичинен 4560 бейтап айыгып чыкты. Стационарда 2083 адам эмделүүдө. Анын ичинен 17 бейтаптып абалы оор, төртөөнүн абалы абдан оор деп бааланууда. Ошондой эле, 36 миң 294 адам үйүндө медициналык көзөмөлгө алынган.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда мейманканаларда сырттан келгендер үчүн 14 күндүк карантинден өтүүгө уруксат берилди. Ага ылайык, эми Өзбекстанга чет өлкөдөн учуп кеткен жарандар атайын обсервациялардын ордуна мейманканаларда 14 күндүк карантинден өтө алышат.

Copyright © 2017 Maral FM