Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 14 күндүк карантинди мейманканаларда өткөрүүгө уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 765 | 0

Өзбекстанда мейманканаларда 14 күндүк карантинден өтүүгө уруксат берилди. Эми Өзбекстанга чет өлкөдөн учуп кеткен жарандар атайын обсервациялардын ордуна мейманканаларда 14 күндүк карантинден өтө алышат. Бул тууралуу коронавируска каршы атайын комиссиянын чечими чыккандыгын жергиликтүү басылмалар жазды.

Эми чет өлкөдөн келгендер 14 күндүк карантиндик көзөмөл мезгилин мейманканада өз эсебинен төлөп өткөрө алышат, ошол эле учурда атайын карантиндик зоналарда акысыз өткөрүүгө укуктуу, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгиленгендей, бул Өзбекстанга коронавирустук инфекция катталган өлкөлөрдөн келген жарандардын кирүүсү үчүн жасалган.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетке жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттигине чет өлкөдөн келген жарандар 14 күндүк карантин режимин өткөрө ала турган мейманканалардын тизмесин түзүү тапшырылган.

Өзбекстанда 23-июнь саат 10:00го карата коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдардын саны 6461ге жетти. Алардын ичинен 4450 адам айыгып, 19у көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM