Биз менен байланышыңыз

Токтомаметов: Онлайн окутууда ата-энелер да кеп-кеңешке муктаж

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2020 | 1065 | 0

Онлайн окутуу же дистанттык билим берүүдө, бир гана мугалимдерди эмес, ата-энелерди да кошо окутуу керек. Себеби, көпчүлүк ата-энелер онлайн окутуу учурунда бала менен мамиле түзүүгө даяр эмес болчу. Мындай пикирин, конокто Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин кандидаты Алмаз Токтомаметов «Маралга» берген маеги учурунда айтты.

Анын айтымында, аралыктан окутуу учурунда ата-энелерге кеп-кеңеш бере турган же маалыматык колдоо көрсөтө турган институт зарыл. Себеби бардык эле ата-эне бала менен сабак окууга, же сабакты түшүндүрүүгө даяр эмес. «Мисалы, Финляндияда мектептерде информатика деген сабактын өзү жок. Анткени калкы баары жаңы технологияны колдонгонду билет жана жеткиликтүү. Бизде мугалимдерибиз бул жаатта кыйналды. Ал эми ата-энелер болсо, мугалимдерден өтүп кыйналды. Мындан улам, билим берүү министрлиги ата-энелер кайрыла турган аянтча түзүү зарыл»,-деп эсептейт Алмаз Токтомаметов.

Эске сала кетсек, быйыл Кыргызстанда дүйнөлүк пандемиядан улам, мектеп жана ЖОЖдордогу окуу жылынын 2,5 айы аралыктан окутуу менен аяктады.

Copyright © 2017 Maral FM