Connect with us

8-апрелден баштап окуучулар аралыктан окутулат

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 2072 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги ушул жылдын 8-апрелинен баштап балдарды аралыктан окутууга өткөрөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бүгүнкү брифингде билдирди.

«Бүгүнкү күндө видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатабыз. “Баластан” телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар», — деди Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар “Билим булагы” порталына жүктөлдү. Кырктан ашык аудио жана видео материал даярдалган. Ошондой эле 5-9-класстардын окуучулары үчүн “Илим-Билим” ЭлТР, “Пирамида” телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, ал мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүп, мессенжерлерден алар видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушкандыгын кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык,  ушул жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин жалпы билим берүү уюмдары, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн мөөнөтүнөн мурда каникул жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM