Биз менен байланышыңыз

Зеленский Иранды Эл аралык сотко берүү менен коркутту

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 655 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Иран кулатылган Boeing учагы боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, эл аралык сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

Убакыттын өтүшү менен Иран өкмөтү эффективдүү саясат жүргүзөт деп үмүттөнөм. Алар бизге «кара кутучаларды» кайтарып бербей жатат. Башка убадалар жөнүндө сөз кылып жатышат. Иран расмий түрдө кечирим сурап, татыктуу компенсация төлөшү керек, — деди Зеленский Globe and Mail гезитине берген маегинде.

Зеленскийдин айтымында, Иран «кара кутучаларды» кайтарып берүү маселесинин кечеңдетилгендигин коронавируска байланыштырууда.

-Бирок бул көйгөйдү чексиз күтө албайбыз. Алар берген убадасын аткарышы керек. Антпесе, эл аралык сотко кайрылуудан башка аргабыз жок, — деди Зеленский.

Эске салсак, 8-январда Тегерандагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто 180 жүргүнчүсү бар учак кулаган. Кырсыкка кабылган лайнер Украинага тиешелүү болгон. Украина аба жолдоруна таандык Boeing 737-800 учагында Иран, Украина, Канада, Улуу Британия, Германия, Швеция жана Ооганстандын  жарандары учуп бара жатышкан. Учактагы 176 адам каза тапкан.

Иран бийлиги 11-январда украиналык учак кокустан атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM