Биз менен байланышыңыз

Штутгарттагы башаламандык учурунда 19 полиция кызматкери жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2020 | 649 | 0

Штуттгартта 21 июнда болуп өткөн кыйратууларга 400-500дөй адам катышкан. Алардын ичинен 24 киши кармалган. Прокуратура алардын жетөөнү кармаганга ордер берген. Ал эми полиция болсо, бул башаламандыкта зомбулуктун масштабы өтө чоң болгонун белгиледи.

Штутгарттын борборунда бейбаштар уюштурган кыйратуу жана башаламандыктардын улам 19 полиция кызматкери түрдүү жаракаттарды алышкан. “Алардын биринин абалы өтө оор”, — деп жергиликтүү полициянын орун басары Томас Бергер штугартдык ЖМКларга берген пресс конференция учурунда билдирди. Анын айтымында, жаракат алган тартип сакчыларынын катары мындан да көбөйүшү мүмкүн. Ошондой эле, ал түнкү башаламандык учурунда 24 киши кармалганын айтты. Алардын ичинен жетөөнү камакка алуу тууралуу прокуратуранын ордери берилген. Кармалган 24 кишинин жетөө жашы жете элек өспүрүмдөр, жетөө 18 жаштан 21 жашка чейинки курактагылар, 12си Германия федеративдүү республикасынын ар кайсы аймактарынын жарандары болуп чыкты.

Башаламандыкка 400-500 адам катышкан

Кыйратууларга жалпы жонунан 400дөн 500гө чейин адамдар катышкан. Ошол каргашалуу жарым түнгө чейин полиция кызматкерлери Германиянын 17 жаштагы жаранын Шлосгартен аттуу паркта бангизатка тиешелүү кылмышка байланыштуу текшерүүгө алышкан. Ошол замат ага тилектештигин билгизген 200-300дөй адам чогулуп, тартип сакчыларын таш жана бөтөлкөлөр менен ура башташкан. Барган сайын алардын катары көбөйгөн.

Штутгарт полициясынын башчысы Франц Луцанын айтымында, кыйратуулардын саясий мотиви болгон эмес. Ал 46 жылдык эмгек стажында мындай шумдукту көрбөгөнүн да баса белгиледи.

Штутгарттагы кыйратуу

Аз-аздан топтогон жүздөгөн бейбаштардын тобу Штутгарттын борборунда 21-июндун түнүндө кыйратуулар менен коштолгон башаламандыкты уюштурушкан. Башаламандык жарым түндө башталып, абал көзөмөлдөн чыгып кеткен. Шаарда тартипти ордуна келтириш үчүн Баден-Вюртембергдин борборуна бардык федералдык аймактардан полициянын жаңы күчтөрү тартылган. “Бул чыныгы кыйратуу болду”, — деп билдирди полициянын өкүлү.

Твиттердеги видеожазууларда жаш жигиттердин дүкөндөрдүн витриналарын буттары менен тепкилеп, көпүрөдөн таштын кесиндилерин омуруп чыгып ыргытып жаткандары көрүнөт.

dpa маалымат агенттигинин билдирүүсүндө, бейбаштар талкаланган дүкөндөрдөн товарларды ташып кеткенге да үлгүрүшкөн. Негизги окуялар Шлосплатц аянтында жана Көнигсштрассе көчөсүндө болуп өткөн. Таңга маал чатак басаңдап, Германиянын ар кайсы аймактарынан келген тартип сакчылары күчөтүлгөн курамда иштерин улантышкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM